Жаңылыктар
Кумтөр: бюджетке өткөн жылы 7 миллиард сомдон ашуун акча түшкөн
Экономика
Кумтөр: бюджетке өткөн жылы 7 миллиард сомдон ашуун акча түшкөн

Алдыда жаңы парламент иш баштаганда эле кечиктирилбей карала турган маселелередин катарын Кумтөр кени толуктайт. Жалпыга белгилүү болгондой көпчүлүк партиялар шайлоо алдында үгүт иштерине  Кумтөрдү аралаштырып, кендин айланасындагы маселеге аз убакыт аралыгында чекит коюларын убада кылышкан. Жергиликтүү серепчилер  болсо, айрым саясатчылар  тоо-кен тармагын жакшы  түшүнбөй  эле, куру кыйкырыктар менен чыгышканын айтышууда. 

Кумтөр Кыргызстан бюджетине өткөн жылы 7 млрд. сомдон ашуун салык төлөгөн. Ал эми өнөр жайдын жалпы көлөмүнүн 23 пайызын  берген. Ошондуктан Кумтөрдүн токтоосу же төмөндөөсү жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө жана бюджеттин абалына олуттуу таасирин тийгизет. Өкмөт Кумтөрдү токтотууга ошон үчүн каршы экенин билдирип келет.Ал эми  айрым саясатчылар  парламенттик шайлоодо үгүт иштерине Кумтөр кенин аралаштырып, маселеге тез арада чекит коюларын элге убада кылып чыгышты. Бирок жергиликтүү серепчилер мунун куру кыйкырык катары баалашууда. Себеби Кумтөр маселеси азыр өзгөчө кылдаттыкты талап кылып турган  учур дейт -Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев, ал кумтөр тууралуу куру убадалар берилгенин айтат.  

Ал эми айрым талдоочулар Кумтөр маселесинде саясат үстөмдүк кылып калганын, аны экономикалык маселе катары чечүү керектигин билдирип келишет. Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде 6-чы чакырылыштын депутаттарынын бул маселе боюнча позициясы азырынча белгисиз.Анын бамында буга чейин  маселе  саясий нукка бурулуп калган.

Кумтөр Кыргызстанда стабилдүү иштеп жаткан ири ишкана экенин Экономика министрлигинин түндүк аймактар боюнча башкармалыгынын жетекчисиЗайнидин Жумалиев  эске салат.Ишкана элди жумуш менен камсыз кылуудан сырткары, аймакты өнүктүрүүгө салымын кошуп, алтымышка чукул ишкана менен түздөн –түз тыгыз кызматташып келет жана ири инвестицияларды дагы  алып келүүдө. 

Буга чейеин  Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоону Жогорку Кеңеш өкмөткө тапшырган. Өз кезегинде өкмөт башчы  Темир Сариев  Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн экологдордон турган атайын эксперттик топ изилдеп, анын корутундусунун негизинде өкмөт Жогорку Кеңешке тийиштүү мыйзамды сунуш кыларын билдирген болчу.Зайнидин Жумалиев өкмөт тарабынан алтын кенди иштетүү боюнча иштер уланып жатканын, маселе жаңы парламенттин келишине карата басаңдап калганын кошумчалады.

Кумтөр менен келишим башынан эле туура эмес түзүлгөндүктөн маселе чечилбей создугуп жатканын Экономика илимдеринин доктору Шайлообек Мусакожоев айтат. Анын көз карашында, эми маселени акырындык менен Кыргызстандын пайдасына чечүү үчүн убакыт талап кылынат. Ал эми аны иштетпей токтотуп салууга эбегейсиз каражат талап кылынат.

Эске салсак, буга чейин Кумтөр кени токтоп калуу коркунучуна кептелген. Кумтөр боюнча 2012-жылдагы өкмөттүк комиссиянын корутундусунда мөңгүлөр боюнча экологиялык чыгым беш миллиард сом деп бааланган. "Центерра" кыргыз өкмөтүнө экологиялык доодон баш тартуу боюнча талап коюп келет. Эми алдыда өкмөт Кумтөрдөгү Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн экологдордон турган атайын эксперттик топ изилдөсүнүн корутундусунун негизинде Жогорку Кеңешке тийиштүү мыйзамды сунушташы керек. Жаңы шайланган депутаттар маселени кандай чечерин убакыт көрсөтөт.

М.Абдраманова, “Биринчи  радио”