Жаңылыктар
Өкмөт башчы тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр

"Азаттыктын" журналисттик иликтөөсү боюнча зарыл болгон шартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Бул туурасында өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди. 

Ал белгилегендей, премьер-министр азырынча журналисттик иликтөөнүн алкагында келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө органдарынан суракка чакыруу ала элек. Өкмөт башчы бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан талап кылат, - деди Султаналиев.