Жаңылыктар
"Манас" эпосунун күнүнө арналган көргөзмө ачылды
Маданият
"Манас" эпосунун күнүнө арналган көргөзмө ачылды

"Манас" эпосунун күнүнө жана улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Анда Кыргызстандагы манасчылардын өмүр таржымалы, чыгармачылыгы чагылдырылган сүрөттөр илинген. Саякбай Каралаев “Манасты” жогорку аткаруучулук чеберчилик менен айткан. Каралаевдин айтуусундагы эпостун үзүндүлөрү кыргыздын элдик обондуу энциклопедиясы болуп калган.

“Тилекке каршы, биздин үй-бүлөдө эч кимибиз атамдын талантын албаптырбыз, эми кийинки муунда балким ал талантты байкайбыз. Бул иш-чара чындыгында, чоң мааниге ээ. Атамды эскерүү, улуу эпостун күнүндө өтүп жатканы аябай жакшы көрүнүш", - деди С.Каралаевдин небереси Кадырбек Каралаева.