Жаңылыктар
Балдарга жардам берген коомдук уюмдарга каражат бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарга жардам берген коомдук уюмдарга каражат бөлүндү

Президент Сооронбай Жээнбеков ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялык жана социалдык адаптация боюнча жардам берген коомдук уюмдарга каражат бөлдү. Мамлекет башчысы кол койгон буйрукка ылайык, Президентке караштуу Билим берүү фондунан Эл аралык майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптация боюнча жардам берген коомдук уюмдарга финансылык колдоо көрсөтүү үчүн эки миллион үч жүз миң сом бөлүнүп берилди. 

Мындай чечим ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын инсандык сапаттарын өркүндөтүү жана инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүнүн алкагында реабилитациялык жана социалдык адаптациялоо боюнча иштерди жана демилгелерди колдоо максатында кабыл алынды. Буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорундагы 23 коомдук мекемеге ар бирине 100 миң сомдон каражат бөлүндү.