Жаңылыктар
Мекендештерибиз “Улут сыймыгы” сыйлыгы менен сыйланышты
Мекендештер
Мекендештерибиз “Улут сыймыгы” сыйлыгы менен сыйланышты

Россиянын соода-өндүрүш палатасынын ири залында Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына карата “Улут сыймыгы” сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо боюнча салтанаттуу иш-чара өттү. Сыйлык ээлери совет мезгилинде ар тармакта ийгилик жараткан таанылгандар болду. “Улут сыймыгы” наамына белгилүү спортчулар, актерлор, аскер кызматкерлери, окумуштуулар жана ишкерлер татыды. Аларды жалпы бир тарых менен маданият жакындатып, байланышытырып турат.

2020-жылы Москва Олимп оюндарына 40 жыл болот. Оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада 52 киллограм салмактагылар арасында алтын тагынган. 

Премиянын дагы лауреаттары болгон, жеңил атлетчилер Лариса Латынина менен Тамара Быкова тирүү легендага айлана алды. Алар койгон рекордду 20 жылдан ашык убакыт эч ким кайталай алган эмес.

Лауреаттар арасында Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон компания жетекчилери дагы болду. Алардын арасында ишкер, меценат Аскар Салымбеков да бар. Ал өз ишмердигинде бир эле жумуш ордуларын түзбөстөн, билим берүүгө дагы салымын кошуп, өлкөдө футбол оюнун да жандандыруу боюнча бир катар иштерди аткарып келет. 


Салтанат жылуу жана жагымдуу маанайда өттү. Бул жерде чогулгандардын барын кезинде Советтер Союзу улуу державасы байланыштырып турса, бүгүн экономикалык союз бириктирип калды. Лауреаттар маданий-гуманитардык байланыш, экономикалык алакага караганда алда канча бекем болорун айтып, бирок, бүгүнкү заманда мамлекеттер арасында соода сатык болбосо да, иш алдыга жылбай турганын белгиледи.