Жаңылыктар
Кытай АКШга санкция киргизди
Дүйнө
Кытай АКШга санкция киргизди

Кытай АКШга жана АКШнын бир катар өкмөттүк эмес уюмдарына каршы санкция киргизди. Анткени Гонконгдогу ушул жылдын жай айларынан тарта болуп келе жаткан нааразылык акцияларынан улам АКШ президенти Дональд Трамп мыйзам кабыл алган. Мындан улам Кытайдын Тышкы Иштер министрлиги  Американын эки укук коргоо уюмун Гонконгдогу нааразылык акциясын колдоп, Пекиндин ички иштерине кийлигишти деп айыптоодо.

Трамп кол койгон документте Гонконгдогу адам укуктарынын абалы тууралуу жыл сайын АКШнын мамкатчысы баяндама жасап туруу керек деген  жобо бар болгон. Трапмтын бул кылыгын Пекиндин ички маселелерине кийлигишти деп баалап, АКШга жана АКШнын бир нече укук коргоо уюмдарына каршы санкция киргизилгенин Кытайдын Тышкы Иштер Министри Хуа Чуньин брфингде сүйлөп жатып билдирген. Жарыяланган санкцияда ошондой эле АКШдан Гонконгго кирүүчү аскердик кеме жана учактардын баруу өтүнүчүн кароо суранычын токтотуу да бар. Гонконг бийлиги АКШнын бул аракетин "негизсиз жана ага жол берилбейт" деп атап, Трамптын жаңы мыйзамы  митингчилерге карата жалган үгүттөө жүргүзөт дешкен.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулдун айтымында, чоң саясатта АКШ менен Кытай дайым бири-бирин күнөөл келген. Муну так айтуу мүмкүн эмес, бирок жалпы геосаясий логикага келгенде АКШ демократия, адам укуктары жана ачык-айкын коомдун үлгүсүн колдоп келген мамлекет экени маалым. Эң негизгиси дүйнөдөгү баалуулуктарды өнүктүрүүдөгү окуялардын аркасында турган мамлекет катары белгилүү. Ошондуктан Гонг-Конгдун саясий жактан жана коомдун өнүгүүсүндө АКШ менен мамилеси дурус. Кандайдыр бир байланыш, колдоо бар экени жашыруун эмес дейт ал. Анын үстүнө Кытайдын өнүгүү стратегиясы башкача моделде болгондуктан ортодогу тирешүүлөргө себеп болушу мүмкүн дейт Чынара Эсенгул

Кытай буга чейин дээрилик 20 жылдан ашык убакыт аралыгында, кайра биригүү процессине киришкенден бери Гонг-Конг Кытай үчүн дүйнөлүк базардын ачкычы болуп калды дейт эл аралык эксперт  Эмил Жураев. Гонг-Конг аймагы Кытайдын курамына кошулгандан бери Шанхай пайда болуп, Кытайдын соода тармагы дүйнөлүк атаандаштыкты жарата алды дейт Жураев. Ал эми Гонг-Конгдо болуп жаткан кырдаалды жыйынтыгын айтуу кыйын. Бирок, Пекиндин буга чейинки саясатын, тажрыйбасын эске алганда  мындай маселелер тынч жол менен чечилип келгенин айтат тармактык эксперт.

Эске салсак, Гонконгдо «Экстрадиция тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы нааразылык акциялар июнь айынан бери уланууда. Гонконгдун лидери Кэрри Лам кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан талаштуу мыйзам долбоорун парламенттен октябрда кайтарып алганын билдирген. Июлда ал бул документ «жокко чыкты» деп жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси ишке ашпай калганын айткан. Деген менен Гонг-Конгдогу башаламандыктар токтобой, тескерисинче абал курчуп баратат. Учурда митингчилер нааразылык учурундагы коопсуздук күчтөрүнүн иш аракеттери боюнча тергөө ишин талап кылууда. Ошондой эле шайлоо мыйзамын өзгөртүү талабын коюшуп, Гонг-Конг башчысы Керри Ламды кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат.