Жаңылыктар
Өлкөдө "Манас" эпосунун күнү белгиленүүдө
Маданият
Өлкөдө "Манас" эпосунун күнү белгиленүүдө

4-декабрь - "Манас" эпосунун күнү. Бул күн 2015-жылдан бери өкмөттүн токтомуна ылайык белгиленип келет. "Манас" эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон зор салымы. Эпостун манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат. "Манас" дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннестин "Рекорддор" китебине да жазылган.

2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген.

Сооронбай Жээнбеков "Манас" эпосунун күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. 

"Манас" эпосу — тарыхыбыздын, ал эми Айтматов — маданиятыбыздын көөнөрбөс дөөлөтү. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы "Манас" жана Айтматов академиясына барганда айтты. Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, эпостон үзүндү укту. Чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Өлкө жетекчиси белгилегендей, кыргыз элинин кылымдар бою муундан муунга өтүп келген, руханий жашоосунун маңызын түзгөн көөнөрбөс дөөлөттөрү бар. Алардын туу чокусу, журтубуздун сыймыгы — бул "Манас" эпосу" - деп айтылат президенттин куттуктоо сөзүндө.