Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча сот. Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев сөз сүйлөдү
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБ боюнча сот. Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев сөз сүйлөдү

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу кылмыш иши каралып жатат. Тараптардын жарыш сөзү уланууда. Кечээ мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сөз сүйлөштү. Бүгүн Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев сөз сүйлөөдө. 

Эске салсак, прокурор Марат Кулжабаев өз сөзүндө Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону суранды. Ошондой эле андан наамдарын алып салуу сунушталды. 

Эскерте кетсек, ЖЭБди модернизациялоодо “Коррупция” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Ольга Лаврова жана бир катар энергетика тутумун башкарып турган адистер айыпталууда. Тергөө иштеринде бул факты боюнча мамлекетке 5 жарым миллиард сомдон ашык чыгым келтирилгени айтылган.