Жаңылыктар
"Манас" эпосун даңазалоо
Маданият
"Манас" эпосун даңазалоо

“Манас” эпосунун күнүндө аны даңазалоого багытталган иш-чаралар өлкө аймагындагы маданият жана билим берүү мекемелеринде уюштурулду. 

Улуттук каада-салт, маданият жана көркөм дөөлөт камтылган “Манас” эпосунун күнүн белгилөө үчүн филармонияда театрлаштырылган концерттик программа уюштурулду. 

Маданият министрлиги, бул күндүн маанилүүлүгүн дагы арттыруу максатында алдыдагы 5 жылга программа иштеп чыкты. Анын алкагында келерки жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында Манастын эстелиги орнотулат.