Жаңылыктар
Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине 126 миң кылмыш катталды
Кылмыш
Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине 126 миң кылмыш катталды

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине 126 миң кылмыш катталган. Бул жана башка алты өз алдынча тутум сот-укуктук реформанын алкагында быйыл ишке кирген.

Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн кызыктырган суроолордун ичинде соңку мезгилде катталган жанжалдуу кылмыштар жана Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайлар бар.