Жаңылыктар
Кыргыз-тажик өз ара кызматташуусу бардык тармакта уланат
Саясат
Кыргыз-тажик өз ара кызматташуусу бардык тармакта уланат

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Элчиси Сухроб Олимзоданы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте кыргыз-тажик өз ара кызматташуусунун бардык тармагында, анын ичинде чек ара кызматташтыгында жакшы кошуналык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди баса белгиледи. 

Элчи Сухроб Олимзода Президент Сооронбай Жээнбековго тажик тараптын экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну жогорулатуу боюнча жасалып жаткан аракеттери жөнүндө маалымат берди.