Жаңылыктар
Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташууну улантат
Экономика
Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташууну улантат

Эл аралык валюта фонду Кыргызстан менен кызматташуусун күчтөндүрүү ниетинде. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда Эл аралык валюта фондунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян айтты.

«Эл аралык валюта менен биз дээрлик көз карандысыздыкка жетишкен учурдан бери кызматташып келебиз. Бул мезгилде республика эл аралык финансы институтунан маанилүү колдоо алды. Бул финансылык жардам жана ар кыл маселелер боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөр. Биз өлкөгө колдоо көрсөтүү мындан ары карай дагы улантылат деп ишенебиз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Тигран Погосян «Биз кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз. Мен өлкө тууралуу башкы кеңсеге так маалымат жетиши үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Мындан фонддон республикага көрсөтүлгөн жардамдын таасирдүүлүгү көз каранды. Ошондой эле фонд менен өз ара иштешүү башка дүйнөлүк каржы институттары менен кызматташууга таасирин тийгизет», - деди Тигран Погосян.