Жаңылыктар
"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө
Экономика
"CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу аракеттери көрүлүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну жана Кыргызстан менен "CASA-1000" көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. 

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 13-ноябрында кабыл алган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Маалымат катары айта кетсек, каржылоо жана грант жөнүндө макулдашууга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, "CASA-1000" электр берүү линиясына жакын жайгашкан максаттуу айылдардагы калкка, региондорду өнүктүрүүнүн социалдык маанилүү маселелерин чечүүгө коомчулукту тартуу максатында кол коюлган. Аталган каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргызстанга 6 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, 38 жылдык мөөнөткө, 0,75 пайыздык чен менен 5 млн. доллар насыя жана 5 млн. доллар грант берүү жолу менен колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле Грант жөнүндө макулдашуунун алкагында "CASA-1000" көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргызстанга 1 млн. доллар грант берүү жолу менен колдоо көрсөтүлөт.