Жаңылыктар
Медициналык-санитардык жардамдын сапаты жогорулайт
Ден соолук
Медициналык-санитардык жардамдын сапаты жогорулайт

Президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле, Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш. Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанда Алгачкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын каржылоо үчүн жеңилдетилген финансы каражатын берүүдө. Программаны жүзөгө ашырып, финансылык колдоо көрсөтүү үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бири катары чыккан Дүйнөлүк банк 10 млн. доллар грант жана 10 млн. доллар насыя түрүндө каражат бөлүп берет. Насыя Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын стандарттуу шарттарында, алты жылдык жеңилдетилген мезгилди кошкондо, жалпы 38 жылдык мөөнөткө, жылдык 0,75 пайыздык чен менен каралган.