Жаңылыктар
“Түндүк” тутумунун артыкчылыгын бизнес чөйрөсү да көрүүдө
Экономика

“Түндүк” тутумунун артыкчылыгын бизнес чөйрөсү да көрүүдө. Ага отуздан ашык компания кошулду. Аталган тутум аркылуу ишкерлер бардык мамлекеттик органдардан кызмат ала алат. Бизнес менен тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү жолугуп, санарипке байланыштуу бир катар маселелер талкууланды.

“Мисалы жеке компаниялар салыкты ушул тутум аркылуу төлөсө болот. Бүгүнкү күнгө чейин миңден ашык транзакция болду. Муну менен алар убакытын үнөмдөп, ыңгайлуу шартты пайдаланып жатышат",- деди Биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси Азамат Буржуев.