Жаңылыктар
Кыргызстан-Казакстан: кызматташтыктын приоритеттүү багыттары талкууланды
Саясат
Кыргызстан-Казакстан: кызматташтыктын приоритеттүү багыттары талкууланды

Эки тараптуу кызматташтыктын приоритеттүү багыттары серепчилердин деңгээлинде талкууланды. Борбор калаада кыргыз-казак эксперттеринин форуму өттү. Экономисттер менен саясат таануучулар эки мамлекеттин экономикалык жактан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери тууралуу кеп кылышты. Жолугушуунун катышуучулары белгилегендей, Кыргызстан менен Казакстан стратегиялык өнөктөштөр. Белгилей кетсек, өткөн аптада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик сапарынын алкагында кызматташтык тууралуу ондон ашуун келишимге кол коюлду.

“Өлкөлөрүбүз экономикада, аймактык коопсуздукту камсыз кылууда ийгиликтүү кызматташып жатат. Талдоочулар буга жогору баа беришүүдө. Эксперттердин пикирин топтоп, бийликке сунуштарыбызды айтуу үчүн ушундай жыйындарды өткөрүп келатабыз",-деди саясат талдоочу Игорь Шестаков. 

“Биз кызматташтыкты талкуулап гана чектелбестен, ага салым да кошушубуз керек. Кыргызстан менен Казакстандын алакасын жаңы деңгээлге көтөрүүгө эки тарап тең кызыкдар”,- деди Дипломатиялык клубдун президенти Кайырболат Сахиетова.