Жаңылыктар
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы директор дайындалды
Маданият
Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы директор дайындалды

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине жаңы директор дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Министр Азамат Жаманкуловдун буйругуна ылайык, Айгуль Мамбетказиева аталган мезейдин директору болуп дайындалды. Ал 1955-жылы төрөлгөн. 

Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факултетин аяктаган. Алгачкы эмгек жолун ушул эле көркөм сүрөт музейинде экскурсовод болуп баштаган. Директорлук кызматка чейин ал музейдин директорунун орун басары жана башкы куратор болуп эмгектенип келген.