Жаңылыктар
Медицина тармагын санариптештирүү
Ден соолук
Медицина тармагын санариптештирүү

Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборуна жана медициналык тез жардам кызматына барып, саламаттыкты сактоо тармагына санариптештирүү процессин киргизүү иш аракеттери менен таанышты. 

Электрондук ыкма бейтаптарга медициналык кызмат көрсөтүүдө убакытты үнөмдөп, ар кандай кагаз иштеринен арылтты. Экинчиден дарыгерлердин ишин жеңилдетүүдө. Андыктан санариптештирүүнү киргизүү менен бейтаптардын оорусун алдын алууга, натыйжалуу жана оперативдүү дарылоого жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.