Жаңылыктар
Талас районунда аймактык ооруканага жаңы кошумча имарат берилди
Ден соолук
Талас районунда аймактык ооруканага жаңы кошумча имарат берилди

Талас районундагы Чат-Базар айылындагы аймактык ооруканага жаңы кошумча имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул ооруканада жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмү болгону менен эки гана бөлмөлүү болуп бейтаптар үчүн да, дарыгерлер үчүн да бир топ ыңгайсыздык жаралчу. Эми мамлекеттик бюджеттен каражат каралып, эл муктаждыгы чечилди.

Белгилей кетсек, Талас облусундагы ооруканалар аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата бейтаптарды тейлөө, медицина кызматкерлеринин ишин жакшыртуу максатында бир катар жигердүү иштерди жүргүзүп, электрондук каттоо тутумун киргизүү аракетин көрүүдө.