Жаңылыктар
ЖЭБ: модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө
Коррупция
ЖЭБ: модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө

Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Тараптардын жарыш сөзү аяктап, бүгүнкү отурумда айтылгандарга алымча-кошумчалар киргизилип жатат. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, айыпталуучулар бул ишти саясий өңүткө бурууга аракет кылууда.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд 439 млн сомго зыян келтирилген. Мындан улам, мамлекеттик айыптоочулар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду мүлкүнөн ажыратуу менен 15 жылга, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди дагы мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл 3 айга, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратууну сурашууда.