Жаңылыктар
Баткен шаарына жаңы мектеп курулууда
Билим
Баткен шаарына жаңы мектеп курулууда

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталына 375 орундуу типтүү мектептин курулушу башталып, пайдубалына капсула салуу аземи өткөрүлдү. Билим уясы Сауд Арабиясы тарабынан берилген 84 млн сом гранттык каражатка курулууда. Облус борборунда мектептердин саны жетишсиз болгондуктан айрым билим берүү мекемелеринде окуучулардын саны нормадан ашыкча болуп келген. 

Жаңы мектептин курулушу менен мындай көйгөйлөр аз да болсо чечилип, алдыда дагы Базар-Башы кварталына типтүү окуу имараты курулуусу күтүлүүдө. Учурда Баткен шаарында 6 миңден ашуун окуучу билим алышууда. Аткарылып жаткан иштер аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жүрүп жаткандыгын шаар башчысы билдирди.