Жаңылыктар
Ош облусунда жүрөк дартына алгачкы операция ийгиликтүү жасалды
Ден соолук
Ош облусунда жүрөк дартына алгачкы операция ийгиликтүү жасалды

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында жүрөк дартына алгачкы операция ийгиликтүү жасалды. Жергиликтүү кардиохирургдар менен чет элдик кесиптештер жүрөк кемтиги жана жүрөк кан тамыр дартынан жабыркаган беш жаранга акысыз операция жасашты. 

Бул туурасында белгилүү кардиохирург Иса Ахунбаев жасаган алгачкы операциянын 55 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда айтылды. Ага Кытай, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн дарыгерлер катышып, тажрыйба бөлүштү. Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында иштеген 19 дарыгер чет өлкөдөн үч жылдык окуудан өтүп, тажрыйба алмашып келген. Алардын эмгеги калктын ден соолугун чыңдоого, жүрөк дарттарынын алдын алуу жана аны дарылоо сапатын жогорулатууга багытталаарын уюштуруучулар билдирди.