Жаңылыктар
1-декабрдан баштап карыларга жана жаш балдарга стоматологиялык кызматтар акысыз көрсөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
1-декабрдан баштап карыларга жана жаш балдарга стоматологиялык кызматтар акысыз көрсөтүлөт

  1-декабрдан тарта калктын жеңилдик алган категориясына, 70 жашка чейинки пенсионерлерге, 10 жашка чейинки балдарга, каттоодо турган кош бойлуу аялдарга кеңири таралган тиш оорулары боюнча стоматологиялык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү билдиришти. 

Андан тышкары "Стоматология" автоматташтырылган тутуму ишке киргизилди. Ал аркылуу бейтаптарды каттоо процесси жеңилдетилип, калктын социалдык категориясына жараша стоматологиялык кызматтар жөнүндө маалыматтар базасын түзүүгө мүмкүн болду. Дарыгерлердин кагаз иштери автоматташтырылды.