Жаңылыктар
Бишкекте сутка бою 7 өрт кырсыгы катталды
Өзгөчө кырдаал
Бишкекте сутка бою 7 өрт кырсыгы катталды

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маселен, борбордогу 6-кичи райондо батир өрттөнүп, андагы тиричилик техникасы, эмеректери менен кошо күйүп кеткен. Түтүнгө ууланган үй ээси ооруканага жетпей каза болгон. Отко этиятсыз мамиле жасагандан улам шаардагы мончо жана турак үй да өрттөнгөн.

Учурда окуялардын себептери такталууда. Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылы жалпы өлкө боюнча 3 миң 932 өрт кырсыгы катталып, 43 адам каза болгон, 111 киши болсо тилсиз жоодон куткарылган. Андан келтирилген материалдык зыяндардын көлөмү 296 млн. сомду түзгөн.