Жаңылыктар
Аткезчиликке каршы күрөшүү аракеттер өкмөттүн көзөмөлүндө
Кылмыш
Аткезчиликке каршы күрөшүү аракеттер өкмөттүн көзөмөлүндө

Өлкөгө аткезчилик жол менен товарлардын кирүүсүн алдын алуу иштери системалык түрдө жүргүзүлүүдө жана бул иш аракеттер толугу менен өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламенттин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Күн мурун эл өкүлдөрү Кыргызстандагы көмүскө товар ташуунун жолдору жана уюшкан кылмыштуулуктун абалы боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматын уккан. Анда өлкөдөн ташылып кеткен ири суммадагы каражаттар тууралуу да сөз болду.

Кыргызстанга аткезчилик жол менен ташылып жаткан товарлар темасы акыркы күндөрү коомчулукта кызуу талкууланууда. Буга азык-түлүк, текстиль продукцияларынан тартып күйүүчү майлоочу майларга чейин тиешелүү. Ошол эле учурда өлкөдөн ташылып жаткан жүктөрдүн эсеби да так эмес экенин парламент жыйынында бир катар депутаттар көтөрүштү. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бир катар чек ара көзөмөл өткөрмө бөлүктөрүндө электрондук жабдыктар орнотулуп, ушул тапта салык төлөнбөгөн ар бир товарды эсепке алуу аракеттери күчөтүлүп жатканын билдирди.
Заманбап жабдыктар эми мамлекеттик чек ара аймактарындагы бардык көзөмөл өткөрмө бөлүктөрүнө орнотулат. Вице-премьер-министр түшүндүргөндөй, өлкөдөн 10 миң доллар же ушул суммага эсептелген товарды эркин алып чыгууга мыйзам жол берет, ал эми каражат бул суммадан ашса, анда милдеттүү түрдө декларация толтуруу керек. Эгер мындай талап аткарылбаса, ал аткезчиликке жатат. Ишкерлер тарабынан товарды тиешелүү документтери жок, салык төлөбөй ташыган фактылар бар.