Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча сот: Свердлов райондук соту өкүмүн чыгарды
Кылмыш
ЖЭБ боюнча сот: Свердлов райондук соту өкүмүн чыгарды

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция иши боюнча Свердлов райондук соту өкүмүн чыгарды. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга, Айбек Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды. Ольга Лавровага 3 миллион сом айып салынды. Биримкуловго 2 жарым жыл берилип, ал тергөө абагында өткөргөн күндөрү катары эсептелди, Артыкбаевге 5 млн сом айып салынып, алар менен бирге Авазов, Назаров сот залынан бошотулду.

Жемкорлукка айыпталып жаткандардын бири да коюлган күнөөнү толугу менен моюнуна алган жок. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, шектелип жаткандар кылмыш ишке саясий түс берип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарын башка өңүткө буруунун аракетин көрүштү. Анткен менен кылмыш иштин курамы, күбөлөрдүн көрсөтмөсү, документтер бардыгын жокко чыгарды. Өткөн аптадан бери сот процессинде тараптар жарыш сөзгө чыгып жатышкан. Бүгүн айыпталуучулар акыркы сөзүн айткан соң, соттук коллегия кеңешип чыгып, өкүм окулду.

Кылымдын аферасы аталган Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо ишинин тарыхын эске салсак, 2017-жылы ЖЭБ оңдоодон өтүп, август айында колдонууга берилген. Ал учурдагы аткаминерлер реконструкция иши жогорку деңгээлде жүргүзүлөнүн айтып, насыя алып модернизацияны аткаруу туура чечим болгонун байма-бай билдиришкен.

Анткен менен жаңы эле реконструкция болгон ЖЭБ алгачкы кыштын ызгаарына чыдай алган жок. 2018-жылдын 26-январында жаңы эле модернизация болгон Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, кычыраган чилдеде шаардыктар бир неч күн жылуулуксуз калды. Кырсыктан соң убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп, жемкорлукка негиз болгон бир нече фактыларды ачыктады. Парламенттик угуулар да өттү. 386 млн долларга реконструкцияланган жаңы ЖЭБ өз наркынан бир нече эсе кымбат жасалганы аныкталды. Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн ошол учурдагы башчысы Сапар Исаков модернизациялоону аткарган ишкананын кызыкчылыгын коргогону тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды. Мамлекеттик айптоочулардын тастыктоосуна ылайык Исаков кызматтык абалынан пайдаланып, башка кызмат адамдары менен бирге чет элдик жеке ишкананын өкүлдөрү менен байланыш түзгөн.

Чет элдик ТБЕА ишканасынын кызыкчылыктарын колдоо менен ишти аларга тапшыруу мамлекетке миллиондогон доллар чыгым алып келди. Эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Насыя катары алынган 386 млн доллар төлөй келгенде дээрлик жарым миллиардга жакындап барат. Үстөк пайызды эске алганда Кыргызстан насыя берген Кытайдын ЭксИмБанкына 492 млн доллар кайтарышы керек. ЖЭБдин теңине жетпеген бөлүгү гана оңдолгонун эске алганда, реконструкциянын наркы өтө кымат болгону ошол учурда эле айтылган. Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой сатылып алынган тетик-жабдыктардын наркы да бир кыйла кымбаттатылып жазылган.

Мамлекеттин кызыкчылыгын четке калтырып, керт башынын пайдасын жогору койгон деген жүйө менен кылмыш иши козголгондордун тизмесинде мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энерго холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, "Улуттук энерго холдингдин" башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова бар.