Жаңылыктар
Санариптештирүү жарандардын чек ара жана бажыдан өтүүсүн жеңилдетти
Чек ара
Санариптештирүү жарандардын чек ара жана бажыдан өтүүсүн жеңилдетти

Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан санарип саясаты жарандардын чек ара жана бажыдан өтүүдө туш келген тоскоолдуктарын бир кыйла жеңилдетти. Чек ара өткөрмө пункттары санарип жабдыктар менен жабдылып тейлөө автоматташтырылууда. Ал эми бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө адам фактору азайып, электрондук жабдыктар колдонулууда.

Бүгүнкү күндө бажы көзөмөлдөрүнүн басымдуу бөлүгү электрондошкон тартипте жүргүзүлөт. ЕАЭБдин талаптарына ылайык үчүнчү өлкөлөрдөн келе жаткан жүктөр тыкыр кароодон өтөт. Аны текшерүү, катттоо жана башка ушул сындуу кагаз иштеринин көбү санарип ыкмага өтүп жатат. Жүк ээси жана айдоочу ашыкча кагаз топтомой түйшүктөн кутулду. Ишкер келе турган товардын тизмесин 30 күндөн эрте эмес, 2 сааттан кеч эмес мөөнөттө эле бажы тутумунун атайын базасына компЬютерде отуруп эле киргизип коёт.

Учурда бажы өткөрмө пункттары онлайн видео көзөмөл каражаттары менен жабдылууда. Кирип чыккан унаалардын, жарандардын, аларды тейлеген бажы кызматкерлеринин аракетинин бардыгы көзөмөлгө алынат. Азыркы маалда жалпысынан бажы тутумуна 472 камера орнотулду. Аны менен бирге чек ара өткөрмө пункттарында да санарип реформа жүргүзүлүп жатат. Өлкө аймагына кирген, чыккан жарандарды тейлөө кызматтары электрондошту. Чек ара өткөрмө пункттары оңдолууда.

Учурда бажы кызматында да, чек ара кызматында да борборлоштурулган онлайн мониторинг түзүлгөн. Өткөрмө пункттарындагы кыбыр эткен кыймылдын баары көзөмөлдөнүп, борбордук аппаратка көрүнүп турат. Чек арадагы жана бажыдагы кылмыштуулук, аткезчилик менен көрүш жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Жарандарды тейлөөдө кызматкер менен болгон байланышты азайтуу аркылуу жемкорлукту жоюу аракети көрүлүүдө. Эң негизгиси өлкөгө кирген жана чыккан адамдарды сапаттуу тейлөө.