Жаңылыктар
Кыргызстанда тигилген кийимдерге чет өлкөлөрдө суроо-талап жогору
Экономика
Кыргызстанда тигилген кийимдерге чет өлкөлөрдө суроо-талап жогору

Кыргызстанда тигилген кийимдерге чет өлкөлөрдө суроо-талап жогору. Алардын басымдуусу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө, айрыкча Казакстан менен Орусияга көп көлөмдө экспорттолууда. Анткени коңшу мамлекеттерде бул кийимдердин сапатына оң баасын бергендер арбын.

Ыңгайлуу, сапаттуу бул кийимдер Кыргызстанда тигилген. Тигүүчүлөрдүн эмгектерине кызыккандар көп. Кийимдердин баары акыркы үлгүдөгү, заманбап жабдууларда тигилет. Россиялыктардын арасында Кыргызстандан тигилген кийимдер жогору суроо-талапка ээ. Ошол себептен, мында чыгарылган товардын 80 пайызы бул өлкөгө жөнөтүлөт. Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтык жолго коюлган.

Кыргызстанда өткөн көргөзмөгө келген Россиялык ишкерлер атамекендик жеңил өнөр жайынын деңгээлине жана тиешелүү адистердин иш билгилигине, тажрыйбалуулугуна жогорку баасын беришкен. Өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон Кыргызстандын жеңил өнөр жайы жарандарды жумуш менен камсыз кылып, тигүү тармагы азыркы учурда аймактарда да тездик менен өнүгүп жаткан багыттардын бири.