Жаңылыктар
Кыргызстанда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы расмий түрдө ишин баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы расмий түрдө ишин баштады

“Манас” эпосунун күнүндө өлкө президентинин, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, акын жазуучулар, белгилүү драматург, тарыхчылар жана коомдук ишмердин катышуусунда өттү. Өлкө эгемендик алгандан тарта мамлекеттик макамдагы мекеме алгачкы жолу түзүлүп отурат. Анын негизги максаты- “Манас” эпосун жана кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм философиялык мурасын сактап, аны ар тараптан терең изилдөө болмокчу.

“Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы президенттин жарлыгы менен ушул жылдын январь айында түзулгөн. Учурда академияда илимий изилдөө, Манас эпосун жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын дүйнөгө жайылтуу боюнча жигердүү иштер башталды.