Жаңылыктар
Жол кырсыктары өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кырсыктары өлкөдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири

Өлкөнү санариптештирүү программасынын алкагында ишке киргизилген чоң долбоорлордун бири “Коопсуз шаар” долбоору. “Коопсуз шаар” долбоорунун максаты айып пулдар менен эле акча чогултуу эмес, а жарандарыбыздын коопсуздугуна кам көрүү болуп саналат. Айдоочулардын зулумдук менен сабатсыз унаа башкаруусунан шаар сыртын жөн коелу шаар ичиндеги эле авариялык жол кырсыктары күн сайын катталып, адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурларды көрбөдүк беле. 

Айдоочулардын маданиятсыз унаа башкаруусунан жөө адамдардын, мектеп окуучулардын мыйзамдуу өтмөктөрдөн жолдун каршысына өтө албай кыйналып турган нааразылыгын билебиз. "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши менен ушундай терс көрүнүштүн баары четтетилди деп ишенимдүу айта алабыз. Эгерде “Коопсуз шаар” долбоору кандай жыйынтыктарга алып келгендигине кызыксак, Бишкектеги жол эрежелерин бузуудагы мыйзамсыз көрүнүштөр 50 пайызга кыскарса, Чүй областынын кеңири трасса каттамдарында 45 пайызга азайган.