Жаңылыктар
Кытай менен Индия акысыз билим алууга 13 орун берди
Билим
Кытай менен Индия акысыз билим алууга 13 орун берди

Кытай Кыргызстандын жарандарына 2020-2021-окуу жылында акысыз окууга 13 орун берди. Ал эми Индия мамлекети алты бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, акысыз орундар магистратура, аспирантура жана докторантура боюнча окуй тургандарга берилген. 

Кытайдагы акысыз окууга тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт. Ага кимдер катыша аларын жана талаптарын министрликтин расмий сайтынан таанышыңыз. Ал эми Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмесин, тандоо критерийлерин жана билдирмени толтуруу боюнча аталган өлкөнүн Маданият мамилелер кеңешинин сайтында толук жазылган. 

"Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди онлайн түрүндө толтурууга тийиш. Ошондой эле арыз жана башка тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирүү керек", — деп жазылат маалыматта. Кошумча маалымат алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин 0312 664 811 байланыш телефонуна чалууга болот.