Жаңылыктар
Улуттук каада-салтты коргоо зарылчылыгы белгиленди
Маданият
Улуттук каада-салтты коргоо зарылчылыгы белгиленди

Жарандык коомдун өкүлдөрү, апрель ыңкылабынын катышуучулары жана айрым укук коргоочулар улуттук каада-салтты коргоо зарылчылыгын белгилешти. Алар тиешелүү кызматкерлерге расмий иш-чараларда улуттук кийимдерди кийүүнү сунуштап жатышат. Ошондой эле жыйында маданий иш-чараларды этияттык менен өткөрүп, жергиликтүү элдин менталитетин эске алуу керек деген чечим кабыл алынды.


“Музейде жылаңач адамды көрсөтүү өңдүү көрүнүштөр эми кайталанбашы керек”,- деди "Апрель" кыймылынын төрагасы Кайрат Медетбаев.