Жаңылыктар
Чек арадан мыйзамсыз өткөн этникалык казактар Кытайга депортацияланат
Саясат
Чек арадан мыйзамсыз өткөн этникалык казактар Кытайга депортацияланат

“Чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп айыпталган Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулы Кытайга кайтарылат. Бул тууралуу Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, чек ара кызматынын директору Дархан Дилманов билдирди.

– Келишим боюнча сот жана бардык кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери аяктагандан кийин биз бул жарандарды Кытай болобу, башка мамлекет болобу, келген элине кайтарабыз, – деди ал.

Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулынын адвокаты Ляззат Ахатова Казакстан менен Кытайдын ортосундагы келишим боюнча чек арадан мыйзамсыз өткөн кишилерди депортациялоо жети күндө ишке ашышы керек экенин белгиледи.

– Биздин жагдайда эки жигит чек арадан октябрь айында өткөн. Азыр декабрь. Мындан тышкары эки жигитке Кылмыш кодексинин 392-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал иш толук аяктап, сот чечими чыкканга чейин Кастер менен Мурагерди эч ким, эч кайда козгой албайт, – деген ал.

30 жаштагы Кастер Мусаханулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы 1-октябрда Кытайдын мамлекеттик чек арасынан өтүшкөн. Алар кытай-казак чек арасынын ортосундагы бейтарап аймакта беш күн жүрүп, 6-октябрда Чыгыш Казакстан облусунун Шиликти айылы аркылуу Казакстанга келишкен.

Алар Кытайдын аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзүп жаткан саясатына чыдабай, үй-бүлөлөрүн таштап, качып кетүүгө аргасыз болгонун айтышкан. Кастер Мусаханулы Шинжаңдагы “лагерде” болгонун, ал жерде ур-токмокко кабылганын айткан.

Октябрда Кастер Мусаханулы менен Мурагер Алимулына качкын макамын алууга негиз берген күбөлүк тапшырылган.