Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланууда

Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов боюнча сот иши уланды. Отурумда мамлекеттик айыптоочу Албек Ибраимовду 20 жылга, Кубанычбек Кулматовду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. 

Жалпысынан бул иштин алкагында 13 кишинин жоопкерчилиги каралып жаткан. Сот жараянынын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу Бишкектин мурдагы вице-мэри Ренат Макеновду, мэриянын кызматкерлери Урмат Мырзакановду, Бакыт Турусбековду, Азамат Гүлжигитовду 8 жылга, мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүркановду, «Айкөл курулуш» компаниясынын жетекчиси Сейиткан Алиевди, «Альто Групп» компаниясынын башчысы Кубат Шаршекеевди 15 жылга кесүүнү суранды. Ал эми дагы эки айыпталуучу «Дастан» компаниясынын мурдагы директору Асылгүл Сасыбаева менен Мырзабек Бактыбековду кылмыш мөөнөтү өткөнү үчүн үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирилди. 

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталууда. Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.