Жаңылыктар
«Акнет» ишканасынын президентине козголгон иш тергелип бүттү
Кылмыш
«Акнет» ишканасынын президентине козголгон иш тергелип бүттү

«Акнет» ишканасынын президенти Кубан Ажимудиновго козголгон иш тергелип бүттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда иш Башкы прокуратурага иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди. «Акнетке» карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Компаниянын президенти Кубан Ажимудинов май айында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган. 

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.