Жаңылыктар
2020-жылы мамлекеттик долбоорлор жүзөгө ашырыла баштайт
Экономика
2020-жылы мамлекеттик долбоорлор жүзөгө ашырыла баштайт

2020-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырыла баштайт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кеңеште билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дээрлик бардык инфратүзүмдөгү объектилер мамлекеттин эсебинен каржыланууда. 

Бюджеттин тартыштыгынан улам жаңы объектилердин курулушу жана эскилери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй келген. Премьер-министр учурда өлкө тышкы каражаттардын эсебинен кырдаалдан чыгып жатканын, бирок сырттан акча алганды кыскартуу керектигин айтты. Өкмөт башчы мамлекеттин жана жеке булактардын биригүүсү экономиканы өнүктүрүүдөгү туура кадам болуп саналарын кошумчалады.