Жаңылыктар
Кино үйүндө Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлөт
Маданият
Кино үйүндө Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлөт

13-17-декабрь күндөрү Кино үйүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Манас" жана Ч. Айтматов атындагы академиянын Айтматов таануу бөлүмүнөн билдиришти. Иш-чара жазуучунун туулган күнүнө карата уюштурулууда. 

Бул күндөрү Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган “Ак Кеме”, “Саманчынын жолу”, “Жамиля”, “Аптап”, “Биринчи мугалим” тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат. Эске салсак, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.