Жаңылыктар
“Биз - теңчиликтин урпактарыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш болду
Спорт
“Биз - теңчиликтин урпактарыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш болду

Бишкекте “Биз - теңчиликтин урпактарыбыз” деген ураан менен жөө жүрүш болду. Ага 300 катышуучу, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты. Аталган иш-чараны көптөгөн марафондордун катышуучусу Илья Тяпкин уюштурду. Байгелер үч тартипте ойнотулду. 

1,5 чакырым аралыкка чуркоодо кыз-келиндер арасында Айдай Эсенканова, эркектер арасында Марс Акаев жеңишке ээ болушту. Ошондой эле, 3 чакырымга болгон чуркоодо Ирина Пшеничкова жана Александр Салахутдинов, ал эми 4,5 чакырым аралыкта Жанара Койчуманова жана Арген Эркинбек уулу алдыңкылардан болуп марага келишти.