Жаңылыктар
Футбол: улуттук кураманын рейтинги көтөрүлдү
Спорт
Футбол: улуттук кураманын рейтинги көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы - дүйнөлүк футбол ассоциациясынын рейтингинде жаңы рекордду багынтты. Бул уюмдун январь айындагы рейтингинде Кыргызстандын командасы тарыхта биринчи ирет 107-орунга көтөрүлдү.

Былтыр декабрь айында - Кыргызстандын улуттук курама командасы 2006-жылдагы 119-орунга чыккан рекорддук көрсөткүчүн жаңылап, 108-орунга көтөрүлгөн болчу. Негизи 3-декабрдан бери биздин команда расмий мелдеш өткөргөн эмес, 108-орундан бир тепкичке өйдөлөгөнү - Түндүк Кореянын курама командасы өзүнүн позициясын жоготкондон улам болуп калды. Ал эми Азиялык футбол федерациясынын рейтингинде Кыргызстан 13-орунда келе жатат.