Жаңылыктар
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор ишке ашырылат
Экономика
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор ишке ашырылат

2020-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагындагы долбоорлор масштабдуу түрдө жүзөгө ашырыла баштайт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча кеңеште билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө дээрлик бардык инфратүзүмдөгү объектилер мамлекеттин эсебинен каржыланууда. Бюджеттин тартыштыгынан улам жаңы объектилердин курулушу жана эскилери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй келген. Премьер-министр учурда өлкө тышкы каражаттардын эсебинен кырдаалдан чыгып жатканын, бирок сырттан акча алганды кыскартуу керектигин айтты. Өкмөт башчы мамлекеттин жана жеке булактардын биригүүсү экономиканы өнүктүрүүдөгү туура кадам болуп саналарын кошумчалады.

"Көпчүлүк социалдык маселелерди ушул система аркылуу чечсе болот. Муну менен катар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктөгү долбоорлордо үч тараптуу баланс - мамлекет, бизнес жана керектөөчүлөр – сакталышы керек. Быйыл парламент көпчүлүк жол-жоболорду жеңилдеткен жана бардык тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алды. Мындан тышкары Экономика министрлигине караштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору түзүлдү",- деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.