Жаңылыктар
ИИМ: «Акнет» ишканасынын президентине козголгон иш тергелип бүттү
Кылмыш
ИИМ: «Акнет» ишканасынын президентине козголгон иш тергелип бүттү

«Акнет» ишканасынын президентине козголгон иш тергелип бүттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, учурда иш Башкы прокуратурага иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди. «Акнетке» карата социалдык төлөмдөрдөн жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Компаниянын президенти май айында кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камакка алынган. 

ИИМдин билдирүүсүнө караганда, «Акнет» ишканасына каршы арыздын ээси, акционерлердин бири компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын айтып, милицияга кайрылган.

"Буга чейин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан "Акнет" ишканасынын президентине карата кылмыш иши илктенип, 150 млн. сом салык төлөөдөн качуу фактысы аныкталган. Башкы прокуратукра тарабынан аталган ишти иликтөө ИИмдин тергөө кызматына тапшырылган. Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө ишкананын президенти 616 млн. 816 миң 112 сомду түзгөн салык төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча факты аныкталган. Ошондой эле, 384 млн. 901 миң 130 сомдук акча каражатын кассага киргизбестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан",- деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынын инспектору Ырыскүл Жайлобекова.