Жаңылыктар
Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт
Маданият
Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт

Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата 12-декабрда “АЙТМАТОВ  ЖӨНҮНДӨ СӨЗ: УЛУУ ИНСАН ЖАНА КООМДУК ИШМЕР” деген аталыштагы эскерүү кечеси өтөт.  

Замандашы, окурманы, ошол мезгилдерде тике жана кыйыр болсо да ар кандай мамлекеттик, эл аралык долбоорлордо, иш-чараларда жакындан баарлашып, пикир алышып, иштешип калган мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди, жалпы эле чыгармачылыгына таазим кылган замандаштарын Улуу инсан  жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерип, ой-бөлүшүү үчүн иш-чарага бардык каалоочулар чакырылат.

Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн Инсан. Бул адам күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын бизге, коомго, окурмандарга берди. Айтматов гениалдуу улуу талант катары дүйнөлүк маданиятты өзүнүн жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө трансформациялап, чыныгы таза интеллекти менен дүйнөнүн интеллектуалдык элитасынын өкүлү катары, көптөгөн абройлуу эл аралык коомдук уюмдар менен тыгыз иштешип, айрым учурларда жетекчилик милдетти да аркалап келген.