Жаңылыктар
Нарын: социалдык объекттер жаандан жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Нарын: социалдык объекттер жаандан жабыркады

Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда 16-май күнү жаан аралаш катуу шамал бир катар социалдык обьекттерге олуттуу чыгымдарды алып келди. Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин  басма  сөз кызматынан билдиришкендей, Нарын шаарында ылдамдыгы 17-18 метр секундага жеткен шамалдын кесепетинен жалпы 190 метр  квадрат профнастил жараксыз абалга келген. Ал эми Ат-Башы районунда  шамалдын ылдамдыгы 25-27 метр секундага чейин жетип, натыйжада 19 турак үй, 1 мектептин, 5 социалдык объектинин 500 шиферин жараксыз абалга келген. Учурда  жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо материалдык чыгымдар аныкталууда. 

Ошондой эле жамгырдан Бишкек шаарындагы Арча-Бешик жаңы конушунан өткөн ички иригациялык каналынан суунун деңгээли көтөрүлүп, короо-жайын жана жер төлөлөрүн суу каптады. Ал эми Ак-Ордо жаңы конушунун Ырыскы жана Седеп көчөлөрүндөгү үйлөр өз учурунда курулуш эрежелерин сактабай курулгандыктан жана убагында тазалоо иш-чаралары уюштурулбагандыктан суу каптоого дуушар болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын адистери  жергиликтүү калк менен жолугуп түшүндүрүү иштерин уюштурушту. Мындан сырткары жер төлөсүнө  суу кирген   үйлөрдөн сууну сордуруп беришкен.

 Г.Каражанова, “Биринчи радио”