Жаңылыктар
Энди Руиз менен Энтони Джошуанын реваншы болуп өттү
Спорт
Энди Руиз менен Энтони Джошуанын реваншы болуп өттү

2019-жылдын эң чоң беттештеринин бири болгон Энди Руиз менен Энтони Джошуанын реваншы болуп өттү. Аталган беттеш Сауд Арабия өлкөсүндө орун алып, көптөгөн бокс сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн бурду. Жолугушууга чейин Энди Руиз Азияга чемпион катары келип, кайрадан Джошуаны жеңээрин белгилеген. Ал эми Джошуа жоготуп алган титулдарын кайтарууга кызыкдар болуп, чечкиндүүлүк менен мамиле кылган. Эми беттеш тууралуу сөз кылалы. 1-раунд башталаары менен эле Джошуанын ашыкча салмактан арылганы, жыйынтыгын берип жатты. Өзүн жеңил сезип, буттары менен жакшы иштеди. Раунд аягына чейин сериялуу соккуларды узатканга да жетишти. 2-раундда деле абал анчалык өзгөргөн жок. Руиз бир аз ийгиликтүү аралыкка чыкканга мүмкүнчүлүк алды эле, бирок Джошуа джеб менен жакшы иштеп, атаандашынан бир топ ылдамыраак болду. Ал эми 3-раундда Энди Руиз алдыга жүргөнү менен, Джошуа аралыкты сактап каршылашын адаштырууга аракетин улантты.  

4-раунддун аягында мексикалык боксчунун ийгиликтүү абалы болуп, Джошуага узаткан соккусу таамай тийгендей болду. Анткени менен олутту деле эч нерсе ишке ашкан жок. Кийинки раунд мурдагыдай эле уланып, Джошуа өзүнүн тактикасын ишке ашырып, джебдери менен өзгөчөлөндү. Энди Руистин баардык аракети клинч болгондо эле токтоп калып жатты. Беттештин кийинки раунддары деле окшош жүрүп, Джошуанын көзөмөлүндө болду. Боксчу өзүнүн физикалык күчүн туура пайдаланып, джеб жана бир аз эле коркунучта клинч менен сактанып турду. Британиялык боксчунун бул кылыгы бир канча жылдар бою чемпион болгон Владимир Кличкону эске салды. Ал эми чемпионддук раунддар күйөрмандар күткөндөй кызыктуу болгон жок. 

Руис 1-беттешке караганда бир канча кгга оор болуп, ашыкча салмак өзүнө эле тоскоолдук жаратты. Жыйынтыгында Энтони Джошуа мексикалык Энди Руизти калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңип, титулун кайтарып алды. Жеңилип калган Энди Руис өз пикири менен бөлүшүп, реваншка туура даярданбаганын билдирди. “ Бүгүн Джошуанын күнү болду. Мен туура даярдык көрүшүм керек болчу. Салмагым да ашыкча болду.  беттеште атаандашымдын артынан жүргөндөн башка эч нерсе кылган жокмун.  Бирок көп эле актана бергим келбейт. Ал мени жеңип алды. Эгерде 3-беттеш уютурулса, эң мыкты даярдык менен чыгам”-деди Энди Руиз. 

Ал эми Энтони Джошуа дагы жеңиши тууралуу оюн айтты: “ Буга чейинки беттеште мен утулуп калгам. Актангым келбейт. Мен Руисти жана анын машыктыруучусун сыйлайм. Бул беттеште жогорку деңгээлдеги боксту көргөзгүм келди. Мен жеңилүүнү кабыл алып, кайрадан кайтып келдим. Реваншка абдан жакшы даярдык көрдүм. Владимир Кличконун мага берген кеңеши үчүн ыраазычылык билдирем.Эгерде күйөрмандар Руис менен 3-жолугушууну кааласа, биз аны уюштурабыз”- деди британиялык Джошуа. 

Бирок 3-беттеш күйөрмандарга анчалык деле кызык эместей. Анткени Энди Руиз мүмкүнчүлүгүн туура пайдаланып, олутту даярданышы керек эле. Ошондуктан 3-жолугушуунун өтүшү чындыктан алысыраак. Анткени менен Энтони Джошуага 2020-жылдын жайына чейин Александр Усикке каршы чемпиондук курун коргошу керек экендиги маалым болду. Ал эми Джошуа аталган  беттешке чыгууга даяр экени кошумчалады.