Жаңылыктар
Баткен облусунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңешме өттү
Коррупция
Баткен облусунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңешме өттү

Баткен облусунда укук коргоо, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча кеңешме өттү. Кеңешмеде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болуп жаткан жемкорлук көрүнүштөр, укук бузуулардын кесепеттерин алдын алуу, аларга бөгөт коюудагы жетишпестиктер жана болуп жаткан тоскоолдуктар жөнүндө пикир алышуу болду. Ошондой эле, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн укук бузуулар туурасындагы кайрылуулар тууралуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кабарлоо милдети да каралды. Жыйынтыгында бул багытта кетип жаткан кемчиликтер жөнүндө өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө сунуш берүү жана мыйзам талабын кынтыксыз аткаруу менен коррупциялык укук бузуулар боюнча кайрылууларды өз убагында прокуратура, укук коргоо органдарына кабарлоо милдеттендирилди.

"Коррупциялык көрүнүштөр, мыйзам бузуучулук болсо мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары милдетүү түрдө прокуратура органдарына, улуттук коопсуздук кызматына билдириш керекта. Мына ушул боюнча талдоодо көрсөткөндөй тийиштүү деңгээлде беришкен жок кабарлоону",- деди Баткен облусунун прокурорунун орун басары Бакирдин Жанузаков.