Жаңылыктар
Кой-Таш боюнча комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңеште каралат
Кыргызстан жаңылыктары
Кой-Таш боюнча комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңеште каралат

Жогорку Кеңеш 12-декабрь, бейшембиде Кой-Ташта 8-9-августта болгон окуяга байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусун карайт. Ага чейин бүгүн парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети ашыкча талкуусуз бир добуштан палатанын талкуусуна чыгаруу чечимин кабыл алды.



Толук эки ай иштеген мамлекеттик комиссия он бир жолу жыйын өткөрүп, тийиштүү мекемелерден жүздөгөн документтерди алып, алардын үстүнөн терең иш алып барууга аракетин жумшады. Мамлекеттик комиссиянын корутундусу 3 бөлүктөн турат жана негизги баяндамачы депутат Тынчтыкбек Шайназаров.

Комиссия иштей баштаганы анын курамында өзгөрүүлөр да болду. Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары өтүп жаткандыктан Турсунбек Акун комиссиядан өз ыктыяры менен чыгып кеткен. Анын ордуна Жаркынбек Касымбеков менен Клара Сооронкулова кирген.

Корутунду чыгарган 18 адамдан турган комиссиянын курамындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, депутаттар, укук коргоочулар алып барган жумушуна ар тараптуу, калыс чечим кабыл алынды деп эсептейт.

Депутаттын маалыматын уккан соң комитет комиссиянын чечимин ашыкча талкуусуз кабыл алып, бир добуштан палатанын талкуусуна чыгаруу чечимин кабыл алды.