Жаңылыктар
С.Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин III жыйналышын өткөрдү
Саясат
С.Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин III жыйналышын өткөрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышын өткөрдү. Жыйында мамлекет башчы буга чейин аткарылган иштер жөнүндө кыскача айтты. Ал белгилегендей, өткөн 2 жылдын ичинде Кеңештин эки жыйналышы өттү. 

Анда сот системасы үчүн жаңы программанын долбоору, айрым мыйзам актыларын өркүндөтүү каралды. Ошондой эле жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды колдонууга киргизүү маселеси талкууланды. Андан сырткары, ушул жылдын март айында болуп өткөн Судьялардын съездинде Президент тарабынан алдыга коюлган милдеттер белгиленди.