Швециянын “Roxette” тобунун башкы аткаруучусу Мари Фредрикссон 61 жашында көз жумду. Бул тууралуу аталган топтун менеджери Мари Димберг жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди. Анын айтымында, белгилүү ырчы 9-декабрь күнү өзүнүн үйүнөн оорудан улам каза болгон.
Димберг “бул кайгылуу окуяны айтуу өзү оор, абдан кайгырып атабыз” деп билдирди. 2002-жылы дарыгерлер Фредрикссондун баш мээсинде шишик бар деген анализ коюшкан. Ага операция жасалып, ал кайрадан сахнага кайтып келген. 2015-жылы ден соолугуна байланыштуу “Roxette” тобунун 30 жылдык концертине катыша алган эмес. Фредрикссон 1958-жылы 30-майда Эсшё шаарында туулган. 1976-жылы биринчи жолу чоң сахнага аттанган. Топтун ырлары дүйнө жүзүндө белгилүү болууга жетишкен. Жалпысынан 30га жакын альбом жазышкан.