Кубулжуган булбул үндүү, ары шайыр, ары шамдагай, футбол дегенде “ичкен ашын жерге койгон” Чыңгыз Рыскелдиев деген мырза бар. Учурда "Кыргыз радиосунун" алып баруучусу болуп эмгектенет. Радио эфирде булбулдай үнү, берметтей сөздөрү менен калктын калың катмарына таанылып, миңдеген угарман кыздардын жүрөгүн арбаганга да жетишкен. Каарманыбыз ак көңүл мүнөзү жана элпектиги менен кесиптештерининин урматына татыган. Чыңгыз Рыскелдиевди кепке тартканыбызда, ымандай сыры менен аздыр-көптүр бөлүшө кетти.
- Кеп башынан болсун. Залкарлар иштеп кеткен жана иштеп жаткан “Кыргыз радиосуна” кандайча келип калдыңыз?
-2015 - жылы “Кыргыз радиосуна” алып баруучуларга касстинг жарыяланып жаткандыгын телевизордон көрүп калып өзүмдү сынап көргүм келди. 200дөн ашуун алып баруучулукка кызыккан улан - кыздар келди. Алардын арасынан өтүп кетериме көзүм деле жеткен жок, бирок катышып көрүүнү чечтим. Студияга кирип, берилген текстти окуганда эле мени өзүнчө чакырышып сен кетпей турчу деп алып калышты. Ошентип катышуучунун баары бүткөндөн кийин үнүм жакшы экенин айтышып, буюрса иштеп калаарымды билдиришти. Алгач алып баруучу эмес үн режиссер болуп иштедим. Бирок менин көздөгөнүм алып баруучулук эле. Акыры ал жактан чыгып кетүүгө аргасыз болдум. Ошондон туура бир жыл өткөндөн кийин “Кыргыз радиосуна” кайра чакыруу келди. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ал кездеги музыкалык редакциянын башчысы Жамила Маматова эжекебиз кабыл алды. Үнүмдү, музыкалык билимимди текшерип көрүп эле дароо жактырып жумушка алды. Менин устатым Рита Тилемишова эжени чакырып, ушул баланы үйрөт деп тапшырды. Ошол күндөн тартып мына ушул эки адамдын көзөмөлүнүн астында ишимди улантып келатам. Деги эле радиодогу бардык эже - агай, улуу - кичүү кесиптештериме рахмат айтам. Себеби ар биринен көп нерсе үйрөндүм.
- “Бардык гениалдуулук жөнөкөйлүктө” деген сыңары, жөнөкөй суроо берейин. Эмне үчүн радиону тандадың?
-Радиону аябай жакшы көрөм. Кичинекей жарыя окусам да чын жүрөктөн берилип окуйм. Эфирге чыккандан, радио үчүн ар кандай текст жазып үн түшүргөндөн ырахат алам. Башка жумуштарымды токтотуп коюп мына ушуларды биринчи аткарганга аракет кылам. Билбейм, балким мен көркөм дүйнөгө жакын болгонум үчүндүр же жан дүйнөм көксөгөн нерсени ушул радиодон тапкандырмын, айтоор аны чечмелеп айтыш кыйын. Эмнеси болсо да ушул жерде иштегениме өзүнчө эле сүйүнөм. Мен бул жактан маданий, адабий дүйнөнү кеңири таанып - биле баштадым. Азыр да үйрөнүүнүн үстүндөмүн.
-Демек, такшалган сайын алдыда дагы үйрөнө турган нерселер көп экенине ынана баштаган окшойсуз?
-Ооба. Үйрөнө турган нерсе арбын. Бир нерсени белгилей кетейин,“Кыргыз радиосунан” сүйлөө тартибин да жөнгө сала алдым. Дегеним, алып баруучулар сүйлөөнүн, сүйлөмдү, көркөм сөздү тартиптүү, ырааттуу, маанилүү колдонуунун үлгүсү болуш керек. Мен бул жактан ушул нерсени үйрөндүм. Себеби, эфирде айтылган ар бир сөзүбүз үчүн жооп беребиз жана биздин устаттарыбыз тарабынан көзөмөлдөбүз. Эгер сөз туура эмес колдонулса сөзсүз оңдошот. Ошондуктан бизге карата айтылган сын - пикирди да туура кабыл алабыз. Бул биздин өсүшүбүзгө эле пайдасын берет. Кыскасы, устаттарымдан үйрөнө турган нерсе көп болгондуктан, ага өмүрүм да жетпей калабы деп турам.
-Башка радиолорго салыштырмалуу, “Кыргыз радиосунун” артыкчылыгы эмнеде?
-Бүгүнкү күндө “Кыргыз радиосу” Кыргыз элинин нукура өнөрү менен заманбап жашоону айкалыштырып иш алып барып келет. Ошол эле интернет мүмкүнчүлуктөрүн эфирге биз да кеңири колдонобуз. Жаңылануу деп ушуну айтат элем. Анан Кыргыз музыкасынын, адабиятынын тарыхын кайрадан элдин эсине салып, залкарлардын эмгегин байма - бай эфир аркылуу жаңыртып келебиз. Радиобуздун артыкчылыгы деп ушул багытты белгилейт элем. Мунун баары өсүп келе жаткан биздей жаштар үчүн табылгыс кенч.
-Жумуштан тыш суроо бере кетейин, үйлөнчү убактыңыз деле келип калды. Тааныштардан “качан үйлөнөсүң” деген суроону көп уга баштасаңыз керек?
- Эми ал турган иш да (күлүп). Үйлөнсөмбү деп жүрөм. Жактырган кыз бар. Бирок уялчактыгым мага "бут тосууда". “Балким, ортомчулардын жардамы керек болуп жаткандыр” деп да ойлоп койом.
-Маегиңе рахмат.