Ош облусунун Ноокат районунда 15 орто мектепте электрондук күндөлүк, электрондук журнал программасы иштеп жатат. Жыл соңуна чейин дагы ушунча сандагы мектеп кошулуунун алдында турат. Мындан сырткары өрөөндөгү 37 орто мектепте электрондук китепкана иштеп жатса, 63 мектепте видео байкоо орнотулган. Райондогу 114 мектептин баары интернет желесине туташып, теңи интерактивдүү такта менен камсыздалган.
“Коопсуз мектеп” менен “акылдуу мектеп” программасын айкалыштырып колдонуп жаткан билим берүүчү жайлардын катарында Надежда Крупская атындагы орто мектеби да бар. Электрондук тутумдун ишке кириши менен, билим берүүнүн сапаты жогорулап, окуучулар арасындагы ар түрдүү пикир келишпестиктер кескин кыскарганын агартуучулар билдирет. Аталган мектеп, райондун борборундагы орус тилдүү жалгыз мектеп болгондуктан ага суроо-талап күч. Тагыраагы, 530 орундуу мектепте учурда, 2 миңден ашуун бала билим алууда.